Эрдоган: АКШ далыга бычак урду

© REUTERS / HANDOUTПрезидент Турции Тайип Эрдоган
Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө лидери АКШга жооп катары башка бирикмелер менен кызматташып, жаңы рынокко чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган Американын бийлиги далыга бычак урганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жума күнү АКШ Түркиядан алып келинген алюминий менен болотко 20 пайыздан 50 пайызга чейин кошумча салык салган. Бул чечим лиранын кескин арзандап кетишине шыкакчы болду.

"Бир туруп стратегиялык өнөктөштүк тууралуу кеп кыласыңар да кайра далыга бычак урасыңар, биз мындайга макул эмеспиз", — деди Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
Түрк лидери Анкара АКШнын санкциялык басымынан коркпой турганын белгилеген.

Мындан сырткары, Эрдоган Анкара өзүнүн кызыкчылыктарын эске алып Москва менен болгон мамилени бекемдей турганын кошумчалаган. Ошондой эле өлкө лидери АКШга жооп катары башка бирикмелер менен кызматташып, жаңы рынокко чыгарын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0