22:36 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Паркта уктап аткан жаштар. Архивдик сүрөт

Эмчектен тарта эркектин жыныстык жагына чейин рак кылат. Зыяндуу адаттар аталды

© Sputnik / Виталий Аньков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1234221

Илимпоздор тамак-ашты газга бышыруу ден соолукка өтө зыян дешти.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Окумуштуулар адамдардын ден соолукка терс таасирин тийгизген эң зыяндуу деген адаттарын атады. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.

Биринчи орунда аз кыймыл кылып, кечке отурган адат кирери айтылды. Сааттап отура берүү ичегиде, эмчекте, өпкөдө жана эркектердин жыныстык жагында ракты пайда кылат деп жазды аталган басылма.

Эт менен сырды көп жегендик IGF-1гормондорунун көбөйүшүнө алып келери, бул жаныбарлардын организминдеги белокто көп кездешээри айтылды. Окмушуулар аталган гормон рак клеткаларын арбытат деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары, тамак-ашты газга бышыруу да ден соолукка өтө зыян дешти. Себеби, тамакка формальдегид деп аталган уулу зат менен газ күйгөндө углерод жана азоттун кычкылдары бөлүнүп чыгары эскертилген. Окумуштуулар булар тамекиде да бар экендигин мисалга келтирген. Демек, чылым адамдын ден соолугуна кандай терс таасир тийгизсе, көгүлтүр от күйгөндө да андан кем эмес зыян келтирери түшүнүктүү болду.

Эң кеңири жайылган жаман адат — уйкуну кандырбай жүрө берүү деп айтылды. Бул жогоркуларды бириктирип санай келгенде да, алардын өткөн зыяндуу көрүнүш болуп чыкты. Окумуштуулар уйкунун аздыгы да онкологиялык оорулардын себепкери деген тыянак чыгарган.

Тема боюнча

Окумуштуулар алгачкы адамдар жалкоолуктан улам жок болгонун айтып чыкты
Окумуштуулар күзгүгө тынбай карануу ден соолукка пайдалуу экенин аныкташты
Окумуштуулар рак илдетин алдын алуунун оңой жолун табышты
Окумуштуулар рактан тез сакайта турган диетаны аташты
Белгилер:
уйку, зыян, оору, рак

ЭҢ МААНИЛҮҮ