БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Япониялыктар жашоо образы менен тамактануу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу дээрлик ашыкча салмак менен жабыркабайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Ден соолук жана тамактануу мамлекеттик институтунун диетологу Хидэми Такимото билдирди.
Ошентсе да Япониянын шаар көчөлөрүн кыдырып, семиз адамды табуу кыйын.
"Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин азык-түлүктү керектөөнүн көлөмү кыйла эле өскөн. Бирок япониялыктардын өзгөчөлүгү — майлуу тамактарды жешпейт. Эң башкысы — шаардыктардын айрымдары гана унаа айдайт, көпчүлүгү жөө басып же велосипед тээп кыймылда болушат", — деди диетолог.
Ал ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкө жарандары балык менен эт азыктарын арбын колдоно баштаганын белгиледи.
"Тузду дагы аз жей башташты. Мындан улам жогорку кан басымы менен жабыркагандар кескин азайган", — деди Такимото.
Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча да өлкөдө ашыкча салмак менен жабыркагандардын саны өсүп жаткандыгы боюнча тенденция байкалбайт.