АКШда уурдалган самолеттун артынан аскер учагы кууганда... Видео

© REUTERS / SOCIAL MEDIAЗахват самолета Horizon Air Bombardier Dash в Вашингтоне
Захват самолета Horizon Air Bombardier Dash в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Alaska Airlines авиакомпаниясынын кызматкери Сиэтлдагы аэропорттон учакты уурдай качкан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Американын Сиэтл шаарынын тургундары уурдалган Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган самолеттун артынан аскер учагы кууп бараткан учурду видеого тартып алышкан.

​Видеодон кишилер учак алардын үйүнүн үстүндө эмне кылып жүргөнүн айтып жатканын угууга болот.

​​Кийин белгилүү болгондой, Alaska Airlines авиакомпаниясынын кызматкери Сиэтлдагы аэропорттон учакты уурдай качкан. Авиакомпаниянын өкүлдөрү самолеттун ичинде жүргүнчү болбогонун айтышууда. Бир нече убактан кийин учак жерге кулап түшкөнү маалым болду.

Полициянын билдиришинче уурдалган самолеттун артынан эки аскер учагы кууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0