Мындай кылбагыла! Америкалык кыз курбусун көпүрөдөн дарыяга түртүп салды

© AP Photo / Alvaro BarrientosКөпүрөдөн сууга секирип жаткан кыз. Архив
Көпүрөдөн сууга секирип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыз ооруканада жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Америкалык кыз 16 жаштагы курбусу Жордан Холгерсонду 18 метрлик көпүрөдөн түртүп салды. Окуянын видеосун ABC News телеканалы Twitter баракчасына жарыялады.

Асманга көтөрүлгөн өрт. Британияда от чалган торнадону видеого тартып алышты - Sputnik Кыргызстан
Асманга көтөрүлгөн өрт. Британияда от чалган торнадону видеого тартып алышты
​Жабырлануучу журналисттерге дарыяга досторунан кийин гана секирүүнү ойлонгонун билдирген. Бирок көпүрөнүн жээгине келгенде коркуп кеткен. Бул арада артында турган курбу кызы аны сууга түртүп жиберген. Натыйжада кыздын беш кабыргасы сынып, өпкөсү жабыркаган.

Жордан учурда ооруканада, дарыланууга дагы алты айдай убакыт кетет. Ошентсе да ал окуяга кайгырбастан, тирүү калганына кубанууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0