Россияда тормозу кармабай калган автобус кишилерди коюп кетти. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве
Работа станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустун алдында калган үч кишинин экөө оор абалда ооруканага жаткырылды. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россиянын Мытищи шаарында автобус үч кишини коюп кеткенин РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын ала маалымат боюнча автобустун тормозу кармабай калган.

Полициянын маалыматы боюнча автобус үч кишини коюп кетип, экөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы автовокзалдын жанында болгон.

Автобус кишилерди коюп кеткен учуру тартылган видео интернетке жарыяланды.

​Жол кырсыгынын чоо-жайы тергөө учурунда аныкталары айтылды. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0