01:53 13 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Мелания Трамптын ата энеси. Архивдик сүрөт

Меланья Трамптын ата-энеси Американын жарандыгын алды

© REUTERS / Kevin Lamarque / File Photo
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
223 0 0

Ак үй кандайдыр бир комментарий жасоодон баш тартты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын ата-энеси, Словенияда жашаган Виктор менен Амалия Кнавс Американын жарандыгын алды. Бул туурасында NBC телеканалынын журналисти Келли О'Доннелл Twitter баракчасына жазган. 

​Кнавстардын жактоочусу Майкл Уилдс февраль айында АКШнын азыркы президентинин жубайынын ата-энеси АКШнын туруктуу жашоочусу деген макам (Жашыл карттын жардамы менен) алганын билдирген. Бул кабардан кийин Дональд Трамптын дарегине сын-пикирлер жамгырдай жаады. Учурда мыйзамдуу иммигранттарга аталган өлкөгө туугандарын, ата-энесин, бала-чакасын, күйөөсүн же аялын чакырууга укук берилген. Бул укуктан Меланья Трамп да пайдаланган.

"Анын (АКШ президентинин – ред.) аялынын туугандары, Меланья Трамптын ата-энеси эми АКШнын жараны болуп калды. Бүгүн алар Нью-Йоркто ант беришти", — деп жазды О'Доннелл.

Анын айтымында, Ак үй кандайдыр бир комментарий жасоодон баш тарткан.

Тема боюнча

Дональд Трамп жубайы Меланья экөөнүн мамилесине баа берди
Меланья Трамптын күрмөсүндөгү чагымчыл жазуу соцтармакта катуу сынга калды
Белгилер:
жарандык, Мелания Трамп, Дональд Трамп, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ