Окумуштуулар күзгүгө тынбай карануу ден соолукка пайдалуу экенин аныкташты

© AFP / NOEL CELISКүзгүгө каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүгө каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйба далилдегендей, бир нече күн күзгүгө каранбай жүргөн адамдын коомго аралашуу жөндөмү басаңдайт.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Колумбия университетинин алдындагы Барнард колледжинин окумуштуулары күзгүгө каранып туруу адамга эмоционалдык жана психологиялык жактан пайдалуу экенин аныкташты. Бул туурасында "Моя планета" порталы жазды.

Чистка зубов - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар тиш жууган пастанын зыяндуулугун аныкташты
Көрсө, күзгү адамдарды өзүн сырттан кароосуна жардам берип жана башкалар менен сүйлөшүп туруу керектигин эске салат экен. Башкача айтканда, коомго аралашууга түрткү болот.

Тажрыйба далилдегендей, бир нече күн күзгүгө каранбай жүргөн адамдын социалдашуу жөндөмү азаят.

Ошондой эле күзгү эмоцияларды жөнгө салууга жардам берери айтылат.

Окумуштуулар билдиргендей, эгер сиз күнүгө күзгүгө каранып турсаңыз психикаңыз бир калыпка түшүп, ачык маанайда жүрөсүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0