Испаниялык киши аялынын WhatsApp аркылуу жазышканын аңдып окуганы үчүн кесилди

© REUTERS / DADO RUVICWhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив
WhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял күйөөсү анын жеке жазышууларын окуганы аз келгенсип, кол көтөрүп зордуктаганын айтып сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Испаниянын Валенсия шаарынын тургуну аялынын WhatsApp мессенджеринде жазышкандарын аңдып окуганы үчүн эки жылга кесилгенин El Caonfidencail басылмасы жазды.

Кыргызстанец проверил жену на верность — ролик набрал 3 млн просмотров - Sputnik Кыргызстан
Күйөөсү келинчегинин сүйөр-сүйбөсүн текшерген видео 25 миллион ирет көрүлдү
Ага ылайык, 32 жаштагы эркек киши тыңчылык кыла турган атайын программаны колдонуп, аялынын WhatsApp мессенджери аркылуу жазышкандарын скриншот кылып өзүнө жиберип турган. Ал жубайы көзүнө чөп салып жатканын тастыктай турчу бир нече билдирүүнү таап алган экен.

Аялы күйөөсү аңдып жүргөнүн билип калып, сотко берем деп коркутканда жолдошу өзүнүн артын тазалоо үчүн аялынын телефонунун программалык камсыздоосун жаңылап салган.

Аял жолдошу анын жеке жашоого болгон укугун бузгандыгын жана кол көтөрүп зордуктаганын айтып сотко кайрылган. Ошондой эле күйөөсүн 78 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Жыйынтыгында сот эркек кишини эки жылга эркинен ажыратып, 3,3 миң евро айып салган. Сот ошондой эле аны аялы менен төрт жылга чейин жолукпоону буйрук кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0