АКШда муштумдай болгон мөндүр жаап, зоопарктагы жаныбарлар өлдү. Видео

© AFP / STRМөндүр. Архив
Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөндүрдөн адамдар да жабыркаган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. АКШнын Колорадо-Спрингс шаарына муштумдай болгон мөндүр жаап, шаардагы зоопарктын бир топ жаныбарын өлтүрүп, эс алуучуларды жабыркатты. Бул тууралуу жергиликтүү FOX31 Denver телеканалы кабарлады.

​Окуя дүйшөмбү, 6-август күнү болгон. Мөндүр алдында зоопаркта эс алып жүргөн 3,5 миң адам да калган.

​Видеодо көрүнүп тургандай, теннис тобунан чоңураак мөндүр төгүп жатат. Анын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылып, тогузуна ошол жерден медициналык жардам көрсөтүлгөн.

​Ошондой эле өрдөктүн, бүркүттүн түрлөрү өлүп, жырткыч куштар жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0