Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян

CC BY 2.0 / Quinn Dombrowski / Dreaming of AndyДевушка спит на кровати
Девушка спит на кровати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам көп уктаганда мээ депрессияга алып келген химиялык (серотонин жана дофамин) заттарды бөлүп чыгараары айтылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Узак убакыт уктоо адамдын ден соолугуна зыянын тийгизет. Улуу Британиялык окумуштуулар бир катар иликтөөлөрдөн кийин ушундай жыйынтыкка келгендигин mirror.co.uk басылмасы жазды.

Уктап жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аз же көп уктаган ден соолукка кандай таасир берери аныкталды
Буга чейин окумуштуулар адамдын уйкусу канбаса, кан тамыр оорулары менен кант диабетин пайда кыларын жана адамга салмак коштурарын айтышкан.

Анткен менен кийинчерээк Улуу Британиядагы Киль университетинин окумуштуулары бул пикирлерди жокко чыгарууда. Алар 3 миллионго чукул адам катышкан тажрыйба жүргүзгөн. Жыйынтыгында, орто эсеп менен 10 саат уктаган адамдар, жети саат уктагандарга караганда, өмүрү менен эртерээк коштошконун аныкташкан. Уйкучулардын берки адамдарга караганда каза болуу ыктымалдыгы 30 пайызга көбүрөөк болгон.

Андан сырткары, көп уктагандарда инсультка кабылуу кооптуулугу 56 пайызга жакын дешкен. Кан тамыр жана жүрөк оорулары жандап каларын да белгилешкен.

"Учурда окумуштуулар көп уктаганда мээ депрессияга алып келген химиялык (серотонин жана дофамин) заттарды бөлүп чыгарат дешти. Адистердин бир даары адам көп жатканда бели, муундары оорукчан болуп каларын билдирген жайы бар", — деп жазылган маалыматта.

Андан сырткары, биологиялык ритм бузулуп, организмдин өз калыбында иштешине терс таасирин берери белгиленген.

Анткен менен окумуштуулардын узак уйку адамды эс алдырып, чарчоосун жазат деген тыянакка келген учурлары да кездешет. Тагыраагы, депрессиядан жапа чеккендер уйку менен калыбына келгенди туура көрүшөт. Ал эми медицина кызматкерлери адамга 7-8 саат уктоо керектигин айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0