Хабиб Нурмагомедов үй-жайсыз адамга жасаган мамилеси үчүн жемеге калды

© AP Photo / Andre PennerРоссийский боец Хабиб Нурмагомедов
Российский боец Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер роликти профилинен өчүргөн, бирок Твиттердеги The MMA Bible аккаунту видеону кайра жарыялап койгон.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Instagram баракчасына агасы үй-жайсыз адамга жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасаганы үчүн акча төлөп жаткан видеосун жүктөй коем деп жемеге калды.

​Буга чейин Нурмагомедов жөнөкөйлүгү менен элге үлгү болууга аракет кылаарын айтып келген.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Лөктөрдүн кармашы! Акыры Нурмагомедов менен Макгрегор беттешмей болду
Кадрда көрүнүп тургандай, Хабибдин агасы үй-жайсыз адамга акча үчүн көнүгүү жасоону суранган. ЖМКлар жазгандай, Хабиб бул көрүнүштү видеого тартып, каткырып карап турган. Окуя АКШда болгон.

Интернет колдонуучулар спортчунун мындай кылыгы алардын көңүлүн калтырганын жазып чыгышты. Кийин ролик Хабибдин профилинен өчүрүлгөн, бирок Твиттердеги The MMA Bible аккаунту видеону жарыялап, мушкер кишинин кадыр-баркын тепселегенин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0