Көңүл айныткан эң сасык беш жыт кайсы экени айтылды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүПлоды дуриана
Плоды дуриана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн негизинде түзүлгөн.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. ScienceAlert илимий порталы окумуштуулардын буга чейинки иликтөөлөрүнө таянуу менен дүйнөдөгү эң сасык беш жытты атады.

Сасыган жумуртка жыттанган күкүрт суутеги биринчи орунда турат. Мындай жыт ошондой эле уранда да бар.

Кафе в Нижнем Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кофенин жыты адамдарга кандай таасир этерин айтышты
Экинчи орунду дуриан жемишинин жыты ээледи. Анын курамында 44 активдүү жыт бирикмеси бар. Жыты жумуртка менен карамелдин кошундусундай. Жакында эле дуриандын газга окшош жытынан улам Австралиядагы университеттеги студенттер эвакуацияланган.

Үчүнчү орунда Арнольд Раффлезиясы гүлүнүн жыты турат. Анда өлгөн жаныбардын жана балыктын жыты чыгат. Андыктан ал түрдүү чымын-чиркей менен курт-кумурскаларды өзүнө тартып турат.

Төртүнчү орунга Вье Бульон сырынын жыты татыды.

Кумурскачыл жаныбардын жыты бешинчи орунда турат. Окумуштуулардын баамында ал скунс жаныбарынан да сасык. Мындай жыт аны башка жырткыч жаныбарлардан коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0