Миллиондогон адамдар кыялданган күзгү сатыкка чыкты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКүзгүгө каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүгө каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пайдалуу делген буюмдун баштапкы баасы 1395 долларды түздү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Калифорнияда Naked Labs аттуу жаңы ачылган компания адамдын тулку бою тууралуу бүт чындыкты айтып бере турган күзгү чыгарды. Бул туурасында "Ридус" басылмасы жазды.

Мындай буюмду жасоодо моделдин келбетин ар тараптан көрсөтүүгө ылайыкталган 3D-сканер коюлган.

"Ал күзгүнүн жардамы менен өзүңүз тууралуу жакшылап тааный аласыз: салмакты, тулку бойдун салмагынын индексин, денедеги майларды жана булчуңдар тууралуу билүүгө болот. Күзгү адамдын тулку бою кантип өзгөрүп жатканын көз алдыңызга алып келип берет", —  деп айтылат маалыматта.

Пайдалуу делген буюмдун баштапкы баасы 1395 долларды түздү, бирок компания мындан дагы арзандатууну ойлонуп жаткандыктарын айтышты. Инвесторлор  мындай укмуштуу буюмду иштеп чыгууга 14 миллион доллар жумшаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0