Таиланд: ишкер сулуу кызды кызганып, туристтердин көзүнчө атып салды

© AFP / Johan ORDONEZТапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызга ашык болуп калган бизнесмен кызды досунан кызганып, экөөнүн тең өмүрүн кыйган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Таиланддын Чонбури провинциясында мурда суулулук сынагынын жеңүүчүсү болгон 20 жаштагы Павина Нэмьюэнгрук менен досун кызганчаак эркек атып салгандыгын Bangkok Post басылмасы жазды.

Пхукеттеги бардын ээси, адам өлтүргөн 43 жаштагы Панью Ингананы эми полиция издеп жатат. Аталган жайда буга чейин маркум сулуу бийчи болуп иштеген.

Маалыматта кыз ишкерге турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн өмүрүнөн ажыраганы айтылган.

"Кызганчаак киши кыз досу менен эс алып жатат деген ойго алдырып, кылмышка барган. Ал эми Павина Нэмьюэнгрук аны менен кичинесинен бирге өскөн жана ал жигит гей болгон", — деп жазды басылма.

Буга чейин интернет айдыңында кытайлык кызганчаак аял күйөөсүн көңүлдөшү менен унаада бара жаткан жеринен кармап алып, чатак чыгарган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0