Окумуштуулар 2080-жылы ысыктан көз жумгандардын саны беш эсе өсөрүн эскертти

© AP Photo / Ariel SchalitФонтанга түшүп жаткан бала. Архив
Фонтанга түшүп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн божомолуна ылайык, Австралиянын Брисбек, Сидней жана Мельбурн шаарларында ысыктан каза болгондордун саны 1971-2010-жылдарга салыштырмалуу 471 пайызга өсөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 2080-жылы тропикалык жана субтропикалык аймактарда ысыктан каза болгондордун саны беш эсе өсө турганын Австралиянын Монаш университетинин окумуштуулары эсептеп чыгышкан. Алардын эмгеги менен EurekAlert порталынан таанышууга болот.

Изилдөө учурунда абага чыгып жаткан газдардын көлөмү, кишинин өзгөрүп жаткан аба ырайына болгон ыңгайлашуусу жана калктын саны эске алынган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар рак илдетин алдын алуунун оңой жолун табышты
Изилдөөнүн божомолуна ылайык, Австралиянын Брисбек, Сидней жана Мельбурн шаарларында ысыктан каза болгондордун саны 1971-2010-жылдарга салыштырмалуу 471 пайызга өсөт. Ысыктан мерт кендердин саны Индия, Греция, Германия, Япония жана Канада мамлекеттеринде бир кыйла жогорулайт. Андан сырткары, кургакчылык менен өрт дагы адам өмүрүнүн кыскарышын тездетери айтылат.

Адистер 2050-жылга карата абага зыяндуу газдарды аз чыгаруу боюнча Париж келишиминин талаптарын аткаруу керектигин эскертет. Мындай кадамдар жер планетасындагы глобалдык жылуулукту жайлатууга түздөн-түз таасир берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0