07:08 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Спирт ичимдиктерин ичип жаткан аялдар. Архив

Ичимдиктин мурда эл билбеген зыяны аныкталды

© AFP 2019 / MENAHEM KAHANA
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1472 0 0

Кесепети бала 6-7 жашка келгенде байкалган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Австралиядагы Сидней университетинин окумуштуулары аялдар баласын эмизип жүргөн учурда арак ичсе, ымыркайдын мээсине зыяны тие тургандыгын аныкташты. Бул туурасында MedicalXpress сайты жазды.

Бул жааттагы изилдөө 2004-жылы башталып, ага беш миң эне-бала катышкан. Адистер баланы эмизип жүргөн учурда спирт ичимдигине кызыгаар-кызыкпасы боюнча суроо салышкан. Балдардын акыл-эс жагынан кандай өнүгүп жаткандыгы ар бир эки жылда текшерилип турган.

Ичимдиктин кесепети бала 6-7 жашка келгенде байкалган. Адистер алкоголь эмчек сүтүнүн курамын өзгөртүп, балдардын организминде витаминдердин тартыштыгына алып келген. Мындан сырткары, этил спиртинин мээнин клеткаларын жабыркатып, андан сырткары уйкуну бузуп жана сергектикти жоготорун аныкташкан.

Окумуштуулар эмизип жаткан учурда энелердин тамеки чеккени зыяндуу экендигине далил таба албаганы менен акыркы жыйынтыкты тоготпой коюуга болбостугун айтышкан.

Ошентип илимпоздор энелерге ичимдик менен тамекиден алыс болгула деген кеңеш берген.

Тема боюнча

Окумуштуулар тиш жууган пастанын зыяндуулугун аныкташты
Айрым кишилер эмне үчүн сыраны такыр жактырбай турганы белгилүү болду
Белгилер:
ичимдик, Окумуштуулар, бала, Сидней, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ