Британиянын министри аялынын улутун алмаштырып алды

© AFP / Jonathan Brady / POOLУлуу Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант жубайы Люсия Гоу менен. Архив
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант жубайы Люсия Гоу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя аткаминердин Кытайга болгон иш сапарынын учурунда болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Кытайга болгон иш сапарынын учурунда улуту кытай болгон жубайы Люсия Гоуну япон деп алмаштырып алды. Бул тууралуу Daily Mail агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Ханттын кесиптеши Ван И менен саламдашып жаткан маалында болгон.

"Менин жубайым япон… менин жубайым кытай. Олуттуу ката кетип калды. Менин жубайым кытай, балдарым жарым жартылай кытай. Мындан улам таята-таенелери Кытайдан. Алар Сианда жашашат", — деди министр өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Хант Люсия менен 2009-жылы баш кошкон, жубайлар үч баланын ата-энеси. Люсия Шэньси провинциясынын борбору Сианда жарыкка келген.

Министр Кытайга 30-июль күнү келди. Бул Ханттын аталган кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы чет элдик сапары.

Жаңылыктар түрмөгү
0