Расмий Минск Лукашенконун инсульт алганын төгүндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБелоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым басылмалардын билдиришинче Лукашенко 28-июлдан бери эл алдына чыга элек.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эйсмонт өлкө башчысынын инсульт алганы боюнча тараган маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин Украинанын Depo.ua порталы белоруссиянын журналисттерине таянуу менен Лукашенконун жүрөгү кармап калгандыктан 26-июлдан кийин Гомель шаарына боло турчу сапары ишке ашпай калганын жазып чыккан. Ошондой эле президент 28-июлдан бери эл алдына чыга электигин маалымдаган болчу.

"Тарап жаткан маалыматтарга "Болбогон иш" деп бир сөз менен гана түшүндүрмө берсе болот. Мындай билдирүүнү таратып жаткан украиналык ресурстарга айтарым "Оюңар ишке ашпайт", — деди Эйсмонт.

Ал ортодо Белоруссиянын президентинин маалымат кызматы Лукашенко 26-июлда мамлекеттик кызмат боюнча жыйын өткөргөнүн, 28-июлда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Ушул эле күнү Кытайдын CITIC Group корпорациясынын башкаруучулугунун төрагасы Чан Чжэньминь менен жолукканын тастыктаган видеолорду таратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0