Швейцариялык миллиардер колукту издеп жатат. Кыздарга койгон шарттары

Жазылуу
Миллиардерге жубай болууну каалагандардын жашы 18ден 22ге чейин болушу шарт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 20 жаштагы швейцариялык миллиардер Эммануэль Фреденрич кыздар менен олуттуу мамиле түзүүгө бел байлап, соцтармак аркылуу колукту издеп жатат. Бул туурасында New York Post жазып чыкты.

Таанышуу сайттары жана тиркемелерден көңүлү калган Эммануэль өз алдынча аракет жасоону чечкен. 20 жаштагы жигит социалдык баракчасына жайгаштырган кулактандырууда кимди жана эмне үчүн издеп жатканын жазган.

Ак көйнөк кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык олигархтын көңүлүн таба албай... Бишкектеги нике агенттигине кимдер кайрылат
Анын жарыясын селкилер көбүрөөк көрүшү үчүн Facebook жана Instagram тармактарынын жарнамалык бөлүгүнө жайгаштырган.

Ал Манхэттен районунда жашаган 18ден 22 жашка чейинки чырайлуу кыздарды издеп жатканын айтат. Ошондой эле кыялындагы бийкечти ЖМК же жарнама тармагында иштеген, өзүн тыкан алып жүргөн, спорт менен машыккан жана саякаттоону жактырган болушу керек деп сүрөттөйт.

Акыр аягында ага жылаңач сүрөтүн жөнөтүүгө макул болгон сары чачтуу ак жумал кыз керектигин айтып тамашалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0