ЖМК: Египетте кутурган ит 23 кишини тиштеди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ
Вяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ооруканада дары жетишпей бейтаптардын жарымы коңшу шаарга жиберилген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Египеттин Дейрут провинциясындагы калктуу конушта көчөгө чыгып кеткен кутурган ит 23 кишини тиштегенин РИА Новости агенттиги "Эль-Ватан" басылмасына таянуу менен жазды.

Шуулдап ролик тээп, өзгөчө трюктарды жасаган күчүк. Видео - Sputnik Кыргызстан
Шуулдап ролик тээп, өзгөчө трюктарды жасаган күчүк. Видео
Ит көчөгө эртең менен чыгып кеткен. Түшкө чейин 23 киши ит тиштеп ооруканага кайрылганда дарыгерлер коңгуроо кагып, аны кармоону суранып милицияга кайрылган.

Дейруттун ооруканасында жабыркагандардын баарына дары жетпей, бейтаптардын жарымы коңшу шаардын ооруканасына жөнөтүлгөн.

Полиция итти атууга аргасыз болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0