Путин Эрдоган менен ресторанга барууга макул болуп, бирок бир "шарт" койду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин на Десятом саммите БРИКС в ЮАР
Президент РФ В. Путин на Десятом саммите БРИКС  в ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БРИКСтин 10-саммити Түштүк Африка Республикасынын борбору Йоханнесбургда өтүп жатат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин алкагында түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкан учурда тамашага салып аны менен ресторанга бир шарт менен гана барарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Путин келерки жолу качан жана кайдан жолугары айтылды
Сүйлөшүүлөр учурунда эки лидер Москва менен Анкаранын мамилелери бардык тармакта акырындык менен өсүп жатканын белгилешкен. Путин экономика жана Сирия чыр-чатагын жөнгө салуу багытында кызматташуунун маанилүү экендигин өзгөчө бөлүп айтты. Ал эми Эрдоган эки өлкө туризм жаатында тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

Анткен менен Эрдогандын пикиринде, Россия менен алаканын жакшырышынын башка дагы жагымсыз жагы бар.

"Биздин тыгыз кызматташып жатканыбызга айрым өлкөлөр ич күйдүүлүк кылып жатат", — деген Эрдоган, кайсы өлкө тууралуу сөз кылып жатканын тактаган жок.

Путин жооп катары Эрдогандын ресторанга чакырам деген убадасын эске салды.

"Мен сизди чакырам", — деди Эрдоган.

​"Россиядан импорттолгон эт  сиздердин рынокко кирип, ресторандарда пайда болгондо чогуу түштөнөлү", — деп Путин тамашалады.

Ал эми Эрдоган ошол күндү күтөрүн айтты.

БРИКСтин 10-саммити Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбургда өтүп жатат. Ага БРИКСке мүчө өлкөлөрдөн сырткары, Түркия, Египет, Аргентина, Индонезия жана Ямайка катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0