11 чакырым бийиктикте бараткан самолеттун учкучтары мушташканда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчкучтар. Архив
Учкучтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын ичинде 150 жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Iraqi Airways авиакомпаниясынын эки учкучу абадагы самолеттун ичинен мушташа кеткени үчүн кызматтан алынды. Окуянын чоо-жайын өлкөнүн транспорт министрлиги териштирип жатканын РИА Новости агенттиги Al Sumaria телеканалына таянуу менен билдирди.

Подросток чудом выбрался из-под обломков почти сгоревшего самолета — видео - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм күйүп жаткан учактан жөргөлөп чыгып аман калды. Видео
Ага ылайык, окуя бир нече күн мурун 11 чакырым бийиктикте болгон. Ошол учурда учактын ичинде 150 жүргүнчү бараткан. Учкучтарды коопсуздук кызматы арачалап калган. Алар кабинанын ичиндеги айрым тетиктерди талкалап салышкан. Жаңжал эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз.

Iraqi Airways окуянын чоо-жайы аныкталгандан кийин учкучтарга карата катуу чара көрүлөрүн, керек болсо ишинен өмүр бою четтетилиши ыктымалдыгын жазды.

Иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0