NASA Айда адамдардын "кыштагы" пайда болорун айтты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАй. Архив
Ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
NASA менен жеке корпорациялар 2019-жылдан тарта Айга автоматташтырылган түрдүү илимий жабдыктарды жөнөтүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Американын NASA изилдөө борбору жакынкы сегиз жылдын ичинде Айга станция курганы жатат. Ал жакта ар дайым астронавттар жүрө турган болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Daily Star басылмасы жазганына караганда, ар кандай материалдарды космоско жеткирүү жаатындагы жеке компаниялардын атаандашуусунун арты менен ушундай программаны ишке ашырууга мүмкүн болууда.

"Космостук мейкиндиктеги өнөр жай Айдагы индустрияга да таасирин тийгизет. Бул эки тармактын ортосунда окшоштуктар көп деп ишенем", — деди Moon Express компаниясынын аткаруучу директору Боб Ричардс.

NASA менен жеке корпорациялар 2019-жылдан тарта Айга автоматташтырылган түрдүү илимий жабдыктарды жөнөтүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0