Саякатчы кирпи Instagram баракчасында жылдыз болууда. Сүрөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКонтактный зоопарк в Москве
Контактный зоопарк в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жаныбардын аккаунтуна 600 миңден ашуун колдонуучу жазылган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мистер Поки деген каймана аты бар кирпи Instagram баракчасынын жылдызына айланды.

Анын саякатчы кожойкеси жаныбарын ар дайым жанына алып жүрөт.

Кожойкеси Покини ар бир барган жаңы жеринен укмуштуудай кылып сүрөткө тартып, Instagram баракчасына жүктөп турат.

Кирпи чечендин Instagram баракчасында өздүк аккаунту да бар жана ал жакка 600 миңден ашуун колдонуучу жазылган.

Колдонуучулар тикенектүү жаныбарга суктанып, ага окшоп көп жерге саякаттап баргылары келип жатканын жазышкан.

Кээ бири айрым адамдарга салыштырмалуу Поки көп жерлерге барганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0