Окумуштуулар тиш жууган пастанын зыяндуулугун аныкташты

CC BY-SA 2.0 / Wagner Cesar Munhoz / Escova e Pasta ExcessoЧистка зубов
Чистка зубов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул химиялык зат азык түлүк өнөр жайында, косметологияда кеңири колдонулуп, ак түс берүү үчүн пайдаланылат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын Техас университетинин окумуштуулары тиш пастанын курамындагы E171 диоксид титаны кант диабетинин экинчи түрүн чакырарын аныкташты. Бул тууралуу Chemical Research in Toxicology журналына таянуу менен РИА новости жазды.

Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, бул химиялык зат азык түлүк өнөр жайында, косметологияда кеңири колдонулуп, ак түс берүү үчүн пайдаланылат.

Медсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар диабет оорусу кандай болгондо өрчүп кетерин айтышты
Окумуштуулар 11 ыктыярчынын анализин алганда, анын тогузунан диоксид титан химиялык заты чыккан жана алардын бардыгы кант диабети менен ооруп жүргөн. Калган үч кишинин ден соолугу чың болуп, организминен бул химиялык зат табылган эмес.

Эми адистер изилдөөнү масштабдуу негизде жүргүзүүнү пландап жатышат.

Азыркы тапта дүйнөдө 422 миллион адам кант диабети менен жабыркап келет, алардын 90 пайызы диабеттин экинчи түрү менен оорушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0