60 жаштагы аял уулунун өлүмүнөн кийин сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКонкурс красоты "Мисс Татарстан-2018"
Конкурс красоты Мисс Татарстан-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робин ар өлкөнүн 22 сулуусу менен ат салышкан. Алардын эң кичүүсү 26 гана жашта болчу.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 60 жаштагы австралиялык Робин Кэннер "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу иш-чаранын Fаcebook тармагындагы расмий баракчасында маалымдалган.

Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң сулуу келини Алтынкыз: сынакка стресстен арылуу үчүн катыштым
Робин Кэннер Ms WORLD Pageant — 2018 эл аралык сулуулар сынагына катышкан. "Мисс" деп турмушка чыккан да, чыкпаган дагы аялдарга кайрылат. Мындан улам бул сынакка катышууга талапкердин үй-бүлөлүк абалы таасир эткен эмес.

Бир нече жыл мурун Робиндин 22 жаштагы баласы рак илдетинен көз жумган. Бул каргашалуу окуядан кийин аял өзүн таштап сала жаздаган. Бирок онкологияны иликтөөгө каражат табуу үчүн белин бекем бууп, сулуулар сынагына катышып көрүүнү чечет.

"Мен баламды жоготуп алганда мындан ары бактылуу болбойм го деп ойлогом. Сынактарга катышкан сайын өзүмө ишене баштадым, дем-күч алдым", — деди ал.

60 жаштагы аял ар өлкөнүн 22 сулуусу менен ат салышкан. Алардын эң кичүүсү 26 гана жашта болчу. Робин жеңишке жетип, жашыл континенттин тарыхында эң улгайган сулуу деп аталып калды.

"Силердин жашооңордо эмне болгону маанилүү эмес. Баарын ишке ашырса болот. Жаш курак да эч нерсени чечпейт. Ал эми аялдын сулуулугу анын жүрөгү согуп турганда эч качан жоголбойт", — деди Кэннер.

Ал өзүнүн бул иш-аракеттери менен дүйнө жүзүндөгү кыйын учурга туш болгон аялдарга дем бергиси келгенин баса белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0