Дональд Трамп Россия лидери менен жолуккандан кийинки сындарга жооп берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки лидер дүйшөмбү күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында жолуккан.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен болгон жолугушуусун "чоң ийгилик менен коштолду" деп баалап, ал туралуу айтылып жаткан сындар жөн гана каралоо экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

"Путин менен жолугушуум абдан ийгиликтүү болду. Болгону фейк-ЖМКлар каралап жатат", — деп Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Эске салсак, эки лидер дүйшөмбү күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында жолуккан. Андан кийин дүйнөлүк ЖМКлар жолугушуу учурундагы АКШ президентин сынга алып, Голливуд актеру Арнольд Шварценеггер Трампты ачып кеткен кесмеге салыштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0