Футбол чемпионаты жогорку деңгээлде өттү! Дональд Трамп Путинди куттуктады

© AFP / NICHOLAS KAMMДональд Трамп. Архив
Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 15-июлда Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияда өткөн дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң мыкты биринчиликтердин бири болгондугун өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазды. 

Өзүнүн постунда АКШ лидери Францияны жеңиши менен ал эми Россия президенти Владимир Путинди иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн куттуктады.

​"Чемпионатта керемет оюн көрсөтүп, биринчиликти багындыра алган Франция футболчуларын куттуктайм. Мындан тышкары, Россия президенти Владимир Путин иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп бергендигин баса белгилөө керек", — деп жазды Трамп.

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган
Ал эми Владимир Путин чемпионат аяктары менен Франция менен Хорватиянын президенттерин куттуктаганын журналисттерге билдирген.

Ошондой эле ал чемпионат учурунда күйөрмандарга аралашып жүрө албаса дагы Кызыл аянтта, Кремлдин тегерегинде жүргөндөрдүн үнүн угуп турганын кошумчалады.

Эске салсак, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда футбол чемпионаты болуп өттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0