Адамдын 5000 жыл мурун эмне азык жегени аныкталды

Жазылуу
Халколит доорунда жашаган адамдын мумиясы 1991-жылы Альп тоолорунан табылган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Италиянын Eurac Research изилдөө борборунун окумуштуулар тобу 5300 жыл толгон Эци аттуу мумиянын ашказанын текшерип, акыркы жеген тамагын аныктап чыккан. Бул тууралуу макала Current Biology илимий журналына басылып чыкты.

Микроскопия ыкмаларынын жардамы менен илимпоздор Эцинин организминен уулуу папоротник, эчки менен бугунун ышталган эти менен акшактын калдыктарын тапкан.

"Ашказандан табылган азыктын 46 пайызы малдын майы болуп чыкты. Бул дайым аңчылык кылуу, күч-кубат топтоо үчүн жасалса керек. Акыркы азыгын Эци өлөөрүнөн эки саат мурун жептир. Анын 45 жашында эки күнгө созулган кармашуудан кийин көз жумганы аныкталды", — дешти окумуштуулар.

Халколит доорунда жашаган адамдын мумиясы 1991-жылы Альп тоолорунан табылган. Ал жашы боюнча дүйнөдөгү эң улуу мумия болуп калды. Эцталь өрөөнүнө жакын жерден табылгандыктан ЭЦИ деген ысым ыйгарылган мумиянын жашы 5300 жыл деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0