Түркия: кыжырланган ата кызына тийишкен эркекти бычып сала жаздады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13 жашар өспүрүмгө дүкөндөн ага бейтааныш эркек асылган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарынын тургуну өспүрүм кызына жабышкан эркекти аз жерден бычып сала жаздады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Макаладагы маалыматка караганда, 13 жашар кыз дүкөндө жүргөн жеринен ага бейтааныш эркек асылган. Коркуп кеткен окуучу үйүнө чуркап барып, окуяны атасына айтып берген. Ал ошол замат дүкөнгө барып, көзөмөл камерасы аркылуу кызына "кол салгысы" келген кишинин келбетин көрүп алган.

"Кыжырланган ата кетпей кайтарып турган. Ал киши башка соода борборуна кирип бара жаткан жерден тосуп алып, чөнтөгүнө сала келген бычак менен белден ылдый бир нече ирет сайып жиберген", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле макалада кыздын атасы күнөөсүн мойнуна алып, полицияга өзү барганы айтылат.

Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын жашоосуна коркунуч жок экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0