02:27 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Цюрих. Архивное фото

Бир айда 4260 доллар! Жашоо үчүн эң кымбат шаарлардын рейтинги түзүлдү

© AFP 2018 / Gaetan Bally
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
230 0 0

Рейтингди Швейцариянын эки шаары баштайт.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Швейцариянын Цюрих жана Женева шаарлары жашоо үчүн дүйнөдөгү эң кымбат калаалар деп табылды. Бул тууралуу UBS AG банкы тарабынан жүргүзүлгөн Prices and Earning аттуу иликтөөнүн жыйынтыгында айтылат.

Жашоо үчүн эң кымбат болгон шаарлардын алдыңкы бештигине Осло, Копенгаген жана Нью-Йорк кирген. Жалпысынан тизмеге 77 шаар кирген.

Изилдөөгө ылайык, төрт кишинин бир айлык жашоосуна кеткен минималдык кызматтарды жабуу үчүн (батир иражасын кошпогондо) Цюрих шаарында бир айлык киреше 4260 доллар болушу кажет. Бул көрсөткүч Женевада 4165 доллар болсо, Нью-Йоркто 3673 долларды түзөт.

Эң арзан шаар деп Каир табылды. Бул калаада бир айда болгону 1272 доллар сарпталат.

UBS банкынын маалыматы боюнча эң кымбат тамак Женева менен Цюрихте, ал эми эң арзан тамак Киев менен Лагос (Нигерия) шаарында.

Батир ижарасы Гонконг менен Нью-Йоркто өтө кымбат. Бул эки шаарда батир үчүн айына 4000 доллардан төлөө кажет.

Белгилер:
батир, баа, рейтинг, Цюрих, Швейцария
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ