Дарыгер Майкл Жексонду атасы химиялык жол менен эмнеге бычканын айтып берди

© REUTERS / Phil KleinМайкл Джексон со своим отцом Джо
Майкл Джексон со своим отцом Джо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер эми муну ачык айтып чыгууну чечкен.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Майкл Жексондун дарыгери Конрад Мюррей ырчынын атасы Жо Жексон анын үнүн сактап калам деп атайылап химиялык жол менен бычканын The Sun басылмасы жазды.

Мюррей ырчынын атасы Жо Жексон ага бетиңдеги безеткилерди тазалайбыз деген жүйө менен 12 жашынан тарта гормондорду сайып баштаган. Ал мындай ыкма менен баласынын уникалдуу үнүн сактап калууга аракет кылган.

Дарыгердин айтымында, Жозеф Жексон өз балдарына карата өтө кара мүртөз болгон.

"Ал тарыхтагы эң жаман аталардын бири", — деген ал.

Конрад Мюррей ырчы химиялык жол менен бычылганы тууралуу буга чейин да айтып, өзүнүн автобиографиясында да белгилеген. Эми ырчынын атасы о дүйнө салгандан кийин ачык айтып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0