Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталган 72 аскер адамы өмүр бою кесилди

© REUTERS / Baz RatnerПоследствия попытки военного переворота в Турции
Последствия попытки военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбул соту бүгүн 2016-жылдын 16-июлунда болгон төңкөрүш тууралуу айрым адамдарга өкүм чыгарды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Стамбул шаарынын соту 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоого тийиштиги бар деп айыпталган 72 кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Түркиянын NTV телеканалы кабарлады.

Сот андан сырткары Эрдогандык "Адилет жана өнүгүү" партиясын жарнама кылып, элге таанытуу менен алектенген Эрол Олчокту 16 жаштагы баласы менен атып өлтүрдү деп айыпталган 12 киши дагы өмүрүнүн аягына чейин кесилди.

Попытка военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркияда дагы 18,6 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды
Белгилей кетсек, 2016-жылы 16-июлда Түркияда бийликти аскер менен тартып алуу аракети болгон. Негизги каршылык акциялары Анкара менен Стамбул шаарында өткөн. Анын кесепетинен 240тан ашык жаран каза болуп, 2 миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Бийликти басып алуу аракетинен кийин Түркияда 50 миңден ашык киши камакка алынып, 160 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер жана аскерлер иштен четтетилген.

Расмий Анкара бул иштердин артында дин аалымы Фетхуллах Гүлен турарын айтып чыккан. Гүлен өз кезегинде коюлган айыптар суу кечпей турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0