Алла Пугачева үй-бүлөсү тууралуу. Максим экөөбүздүн бөлмөбүз эки башка

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссия сахнасынын примадоннасы Алла Пугачева жолдошу алып баруучу Максим Галкин менен. Архив
Россия сахнасынын примадоннасы Алла Пугачева жолдошу алып баруучу Максим Галкин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пугачева 2019-жылы 70 жашка чыгат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия сахнасынын примадоннасы Алла Пугачева акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу маек берип, анда жашоосу, күйөөсү жана балдары тууралуу айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Ырчыдан маек алган актер жана блогер Олег Меньшиков өзүнүн YouTube каналына жүктөгөн видеодон Пугачева азыркы жашоосу, күйөөсү жана балдары тууралуу айтып бергенин көрүүгө болот.

"Азыр жаш кезимде кыялданган жашоону баштан кечирип жатам. Кичинекей балдарым бар. Күйөөм (белгилүү россиялык артист Максам Галкин — ред.) ичпейт, чектейт, таланттуу, келбеттүү. Бардык сапаттары мага жагат. Карап туруп "кандай гана бактылуумун" деп ойлоп кетем", — деди Пугачева.

Ошондой эле ырчы үйү тууралуу кеп кылды.

Международный музыкальный фестиваль ЖАРА. День третий - Sputnik Кыргызстан
Алла Пугачева менен Максим Галкин чиркөөдөн нике кыйдырышты. Видео
"Үйүбүз көп бөлмөлүү. Балдарыбыз Гарик менен Лизанын бөлмөсүнөн тышкары, конок тоскон, иштеген чакан студиябыз бар. Максим экөөбүздүн эки башка бөлмөбүз бар. Анткени мен жаш кезимден бери эле башка бөлмөдө уктаганды жакшы көрөм", — деди жылдыз.

Белгилей кетсек, Пугачева 2019-жылы 70 жашка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0