Мексикада шайлоо алдындагы үгүт учурунда 520дан ашык саясатчы өлтүрүлгөн

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто эсеп менен алганда күнүнө 1,7 саясатчы менен аткаминер өлтүрүлүп турган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Мексикада жалпы шайлоонун үгүт иштери учурунда 523 саясатчы өлтүрүлгөнүн РИА Новости агенттиги Etellekt аналитикалык компаниясынын докладына таянуу менен жазды.

Мексиканын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мексикада наркобаронду сындаган 17 жашар блогер атылды
Бул убакыт былтыр 8-сентябрдан тарта 2018-жылдын 1-июлуна чейинки аралыкты камтыйт. Жалпысынан 152 саясатчы, анын ичинде түрдүү кызматтарга талапкер болгон 48 киши бар. Андан сырткары түрдүү мамлекеттик деңгээлдеги 371 аткаминердин көзү тазаланган.

Орто эсеп менен алганда күнүнө 1,7 саясатчы менен аткаминер өлтүрүлүп турган. Ал эми шайлоо болгон 1-июлда 138 кол салуу катталып, 26 штатта жети саясатчы жок кылынган.

Президенттик шайлоодо солчулардан талапкер болгон Андерс Мануэль Лопес Обрадор жеңишке жеткен. Ал президенттик кызматка 1-декабрда киришет. Обрадор кылмыштуулук менен күрөшүүнүн багытын өзгөртөм деп сөз берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0