Таиланд: үңкүрдөн чыккан балдар азырынча ата-энелери менен жолуга албайт

© REUTERS / SOE ZEYA TUNСпасения детей из затопленной пещеры в Таиланде
Спасения детей из затопленной пещеры в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуя дүйнөгө чагылгандай тарап, ааламдын чар тарабынан, батыштан, чыгыштан жардамга кол сунгандар арбыды.

БИШКЕК, 10-июл. – Sputnik. Таиланддагы үңкүрдөн куткарылган балдар учурда Чианграй шаарында инфекциялык карантинде кармалып турат. Алар азырынча ата-энеси менен жолугуп, сүйлөшө албайт деп билдирди Таиланддын Саламаттык сактоо министри Чесада Чокдамронгсук. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Брифингди Thai PBS телеканалы көрсөттү.

"Азырынча балдар карантин шартында кармалып турушат, ата-энесин айнек аркылуу көрө алышат. Бүгүн телефон койдук, эми жакындары менен сүйлөшө алат", — деди Чокдамронгсук.

Окуя кандайча болгон?

Пожарный на лету поймал выпавшего из окна человека — видео из Латвии - Sputnik Кыргызстан
Латвияда куткаруучу көп кабаттуу үйдөн кулаган адамды тосуп алды. Видео
Белгилей кетсек, 23-июнда жергиликтүү мектептин футбол боюнча курамасындагы 12 бала машыктыруучусу менен жети чакырымга жеткен Тхам Луанг үңкүрүнө барып жоголуп кетишкен. Жамгырдан улам ташкын болуп, үңкүргө кирген суу жолду бууп, кайра чыга албай калышкан. 10 күн издөө иштери жүрүп, дүйнө буга кулак түрүп турду. Акыры суучулдар үңкүрдүн кургак жеринен балдарда аман-эсен таап алышкан. Учурда Таиландда жамгырдын учуру болгондуктан, үңкүрдү каптаган суу азайбай жатат.

Бул окуя дүйнөгө чагылгандай тарап, ааламдын чар тарабынан, батыштан, чыгыштан жардамга кол сунгандар арбыды.

Анткени менен жамгыр бир аз токтой калганда жергиликтүү суучулдар дүйнөнүн ар кыл бурчунан келген адистер менен биргелешип алып чыгууну иштерин баштады. Балдарды куткарып калуу боюнча атайын штаб уюштурулуп, иш алып барууда. Өлкөнүн аскер күчтөрү тартылып, ыктыярчылар да четте калган жок.

Азыр сегиз баланы бир нече чакырым тереңдиктен алып чыгышты. Дагы төрт бала, машыктыруучу жана бир топ суучулдар жер алдында турат.

В пламя с головой — отец вытащил сына-гонщика из горящего автомобиля. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атасы башы менен отко кирип, күйүп жаткан унаадан баласын чыгарып кетти. Видео
Кыйынчылык балдарды суу алдында жүрө албагандыгында, сүзгөндү билбегендигинде болууда. Себеби үңкүрдүн кургак жеринен аларды таптакыр караңгылыкта, ылай аралашкан суу менен, газ толтурулган баллондорду кийгизип алып өттү иштери турат.

Адистер бир жеринен кылт этсең, өмүргө кооптуулук келерин, ал тургай каза болуп калуу коркунучу бар экендигин айтышты.

Үңкүрдүн суу толгон кээ бир жерлери өтө кууш болгондуктан, адам араң батып, кычкылтек толтурулган баллонду колго кармап, акырын сүзүп өтүү зарылдыгы жаралган.

Бул канчалык тажрыйбалуу болбосун, суучулдар үчүн кыйын экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0