Түркияда премьер-министрдин кызматы жоюлду. Жаңы өкмөттүн курамы жарыяланды

© REUTERS / UMIT BEKTASТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган инаугурация аземи учурунда
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган инаугурация аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтердин саны 21ден 16га чейин кыскартылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жаңы курамын элге жарыялап, тааныштырды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Түркия лидери Режеп Эрдогандын инаугурациясынан алынган кадрларды жарыялады - Sputnik Кыргызстан
Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясынан ирмемдер
Белгилей кетсек, 24-июнда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп, Эрдоган шайлоочулардын 52,59 пайызынын добушун алып, өлкө президенттик башкаруу формасына өттү. Буга кошумча, премьер-министрдин кызматы жоюлду.

Вице-президент болуп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Фуат Октай дайындалды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, юстиция министри Абдулхамит Гүл ордуларында калды.

Коргоо министрлигине башкы штабдын мурдагы башчысы Хулуси Акар дайындалса, финансы министрлигине  буга чейин энергетика министри болгон Берат Албайрак келди. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, соода министри Рухсар Пекжан болду.

Калган министрлердин тизмеси мындай:

Эмгек социалдык тейлөө жана үй-бүлө министри — Зехра Зүмрүт Селчук;

Өнөр жай жана технология министри — Мустафа Варан;

Айыл, токой чарба министри — Бекир Пакдемирли;

Транспорт жана инфраструктура министри — Жахит Туран;

Саламаттыкты сактоо министри — Фахреттин Кожа;

Билим берүү министри — Зия Селчук;

Маданият жана туризм министри — Мехмет Эрсой;

Жаштар иши жана спорт министри — Мехмет Касапоглу;

Экология жана шаар куруу министри — Мурат Курум;

"Биз президенттик башкаруу дооруна кирдик. Администрацияны куруп бүттүк. Министрликтердин санын азайтып, айрымдарын бириктирдик. Бул өзгөрүүлөр биздин ишибизди алдыга сүрөй турганына ишенем", — деди Эрдоган.

Официальный визит Сооронбая Жээнбекова в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Эрдогандын кыраакылыгына ишенерин айтты
Түркияда министрликтердин саны 21ден 16га чейин кыскарды.

Жаңы шайланган президенти Режеп Тайип Эрдоган дүйшөмбү күнү расмий ишке киришип, инаугурациясы өттү. Ага 21 мамлекеттин президенттери, премьер-министрлери катышты. Ошондой эле эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү келишкен. Салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0