Түркияда жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып 10 киши каза болду

© REUTERS / STRINGERСход с рельсов пассажирского поезда на северо-западе Турции
Сход с рельсов пассажирского поезда на северо-западе Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге алып баруучу жол жок болгондуктан куткаруу жана тез жардам кызматтарынын жетүүсү кыйынчылык жаратууда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Түркиянын түндүк-батышында жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып 10 киши каза болду. Андан тышкары, 70тен ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу BBC каналы билдирди.

Поезд Капикул шаарынан Стамбулду көздөй келе жаткан.

Айрым ЖМКлар авария катуу жааган жамгыр темир жолдун шагылын жууп кеткенден улам болгонун жазса, жергиликтүү басылмалар жамгырдан улам көпүрө түшүп кетип, ал аварияга себеп болгонун жазышууда.

Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамбылда жүргүнчү ташып бараткан поезд рельстен чыгып, бир бала каза болду. Видео
Поездде жалпысынан 360 киши болгон. Рельстен алты вагон чыгып кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруу кызматынын тик учагы, тез жардам кызматтары тартылган. Бирок жол жок болгондуктан автотранспорттун жетүүсү кыйынчылык жаратууда.

Жабыркагандар авария болгон жерге жакын жайгашкан Чорлу шаарына жеткирилүүдө, калаа бийлиги жарандарды кан берүүгө чакырды.

Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыктан жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0