Жыйын учурунда ойноп отурган депутат. Рададан тартылган видео

CC BY 4.0 / Вадим Чуприн / ВЕРХОВНА РАДА УКРАЇНИ 2013Украинанын Радасынын депутаты Евгений Балицкий. Архив
Украинанын Радасынын депутаты Евгений Балицкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрда кишинин шаар курган SimCity деп аталган оюнду эрмектеп отурганы көрүнүп турат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Украинанын Радасынын депутаты Евгений Балицкийдин парламенттеги жыйын учурунда смартфон менен ойноп отурган видеосу тарап кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эл өкүлүнүн "Оппозициялык блок" фракциясынан экендигин айтышты.

Депутат парламентке атчан келди. Камчаткада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Депутат парламентке атчан келди. Камчаткада тартылган видео
Кадрда кишинин шаар курган SimCity деп аталган оюнду эрмектеп отурганы көрүнүп турат. Бул оюндун шарты боюнча ал өзүнүн шаарын салып жана андан ары өнүктүрүп жүрүп отурушу керек.

Смартфонду ким кармап турганы көрүнбөгөнү менен отурган жерде Балицкийдин атын-жөнү жазылган тактаны байкоого болот.

Евгений Балицкий Жогорку Раданын 2012-жылдан берки депутаты жана бир подкомитеттин жетекчиси экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0