Краб аны жеп жаткан кытайлык кызды тиштеп алган видео

© AFP / JOHANNES EISELEКраб кармап турган кыз. Архив
Краб кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рак сымал бул жаныбарларды тамак-аш катары даярдоо алдында кыймылдабай калышы үчүн бир нече убакыт аракка чылап коюшары жазылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кытайлык видеоблогер тирүү крабды жеп жаткан видеосун жарыялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Питон отряд пресмыкающих - Sputnik Кыргызстан
Индонезияда 8 кулач питон аялды жутуп алды
Кадрда кыз таякчалар менен алдындагы табактан ракка окшош, бышырылган жаныбарды оозуна салып баратканын көрүүгө болот. Бирок жуп тиштей береээрде жыйрылып кеткен краб кыпчууру анын эринине жабышып калганы тартылып калган. Бети-башын бырыштырган кыз колу менен кыпчуурду чыгарууга аракет кылып жатканы менен видео бүтүп калат.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул "мас краб" деп аталарын айтышкан. Маалыматтарда рак сымал бул жаныбарларды тамак-аш катары даярдоо алдында кыймылдабай калышы үчүн бир нече убакыт аракка чылап коюшары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0