Японияда террористтик уюмдун жетекчилери өлүм жазасына тартылды

© AFP / JIJI PRESSОснователь секты Аум Синрикё* Сёко Асахара
Основатель секты Аум Синрикё* Сёко Асахара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аум Синрикё" уюму террористтик деп табылып, Европа Биримдигинде, АКШда, Россияда жана ЖККУнун курамына кирген Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда тыюу салынган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жума күнү Японияда "Аум Синрикё" диний сектасынын негиздөөчүсү Сёко Асахару өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Сёко Асахару менен бирге сектанын жетекчилигине кирген Киёхидэ Хаякава жана дагы беш адам өлтүрүлдү. Хаякава 1993-жылы Японияда уулуу зарин газын өндүрүүчү заводдун курулушун жетектеген. 

"Ошол эле газдын жардамы менен аталган уюм эки ирет террордук аракеттерди кылган. Биринчисинде 1994-жылы уулуу газды Мацумото шаарына чачышып, жети адамдын өмүрүн алган. Экинчи жолкусунда 1995-жылы Токио метросуна кое берип, 13 адам каза таткан. Мындан тышкары, 6,3 адам ооруканага түшкөн", — деп жазылат макалада. 

Таиландагы өлүм жазасына каршы акция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таиландда 9 жылдан бери биринчи ирет кылмышкер өлүм жазасына тартылды
Маалыматка караганда, 1987-жылы уюштурулган бул сектага дүйнө жүзү боюнча 30-50 миңдей адам кирген. 

Бир нече жыл мурда террористтик уюмдун 30га жакын мүчөсү кармалып, 2015-жылы жетекчилерин өлүм жазасына тартуу чечими чыккан. Өкүм 6-июль күнү ишке ашырылды. 

Учурда "Аум Синрикё" уюму террористтик деп табылып, Европа Биримдигинде, АКШда, Россияда жана ЖККУнун курамына кирген Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда тыюу салынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0