Британия мектептеринде трансгендерлерден улам юбка кийилбей турган болду

© AFP / FRED DUFOUR Юбка кийген окуучу кыздар. Архив
Юбка кийген окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү форма катары шым тандалып алынды.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Британиянын 40 мектебинде трансгендерлердин укугун коргоо максатында юбка кийүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Жынысын алмаштырам деген Венера: ким экенимди билген жигиттер "өлтүрөм" деп коркутат
Биринчилерден болуп юбка кийүүдөн Чыгыш Сассекс аймагындагы Льюис шаарындагы мектептер баш тартты. Окуучулар былтыр сентябрдан тарта эле шым кие баштаган.

Башкалардын гендердик укугун кемсинтпөө үчүн бирдиктүү форма катары шымды тандалган. Ал эми Британиянын Бери шаарындагы мектеп окуучуларынын ата-энелери бирдиктүү жаңы форманы киргизүүдө алардын пикири эске алынбаганын жана эч ким алдын ала маалымат бербегенин айтып арызданышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0