Интернеттеги эң таасирдүү адамдар ким экенин Time журналы аныктады

© AP Photo / Jordan StraussАмериканская модель, участница телешоу "Семейство Кардашян" Кайли Дженнер
Американская модель, участница телешоу Семейство Кардашян Кайли Дженнер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингге элге үлгү болчу кадамдары жана кыжырды келтирген кылык-жоругу менен эсте калган шоу-бизнес өкүлдөрү, саясатчылар, блогерлер жана бүтүндөй бир кыймылдар кирди.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Time журналы 2018-жылы интернетте таасири күч 25 адамдын тизмесин жарыялаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Рейтингге элге үлгү болчу кадамдары жана кыжырды келтирген кылык-жоругу менен эсте калган шоу-бизнес өкүлдөрү, саясатчылар, блогерлер жана бүтүндөй бир кыймылдар кирди.

День рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы эң көп акча тапкан футболчуларды атады. Алар кимдер?
Интернет коомчулугуна катуу таасир эте алган атактуулардын сап башында Instagram тармагындагы посттору эң көп талкууланган ырчы Рианна, модель Кайли Женнер, Baby Ariel аты менен таанымал 17 жашар аткаруучу Ариэль Мартин, курал салууга каршы чыккан паркленддик студенттер жана маал-маалы менен Twitter тармагына "укмуштуу" ойлорун билдирип жүргөн АКШ президенти Дональд Трамп турат.

Булардан кийин рэпер Канье Уэст, кореялык BTS поп-группасы, Instagram-блогер Бизи Филиппс, алты жашар Youtube жылдызы Райан, филиппиндик аялдардын #BabaeAko кыймылы жана башкалар кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0