Ким Чен Ындын Lada Priora автоунаасы менен жүргөн сүрөтү чыкты

© Фото / ТАСС / POOL / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө жетекчиси аскердик бөлүктү, тростник фермасын, экономикалык объектилерди көргөнү айтылды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытай менен чектешкен Синдо уездине текшерүүүгө Lada Priora автоунаасын минип барган. Бул туурасында РИА Новости Yonhap агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

​Маалыматта Ким Чен Ын №1524 аскердик бөлүктү, тростник фермасын жана экономикалык объектилерди көргөнү баргандыгы жазылган.

Агенттиктин жарыялаган сүрөттөрүнө караганда текшерүү учурунда Ким Чен Ын Lada Priora автоунаасы менен жүргөн. Сүрөттөрдүн биринен Түндүк Кореянын төрагасы Россиянын өндүрүшүнөн чыккан автоунаанын арткы орундугунда отуруп келе жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0