Окумуштуулар Антарктидадагы температуранын жаңы рекорддук көрсөткүчүн атады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАнтарктидадагы Ватерлоо аралындагы пингвин. Архив
Антарктидадагы Ватерлоо аралындагы пингвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин, 1983-жылы "Чыгыш" станциясында сууктун 89,2 градуска жеткен күчү байкалган болчу.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШ жана Нидерланддын окумуштуулар тобу Антарктидада аныкталган температуранын жаңы рекорддук көрсөткүчүн аташты.

Geophysical Research Letters журналынын сайтындагы макалада айтылгандай, изилдөөчүлөр 2004-2016-жылдар аралыгында континенттин чыгыш бөлүгүндө абанын температурасы 98 градуска чейин төмөндөгөн жүздөгөн учурларды каттаган.

"Температуранын нормадан четтеши айрыкча анча чоң эмес ойдуңдарда кургак жана булутсуз аба ырайы болгон мезгилде байкалган", — дешти окумуштуулар.

Температуранын рекорду боюнча маалыматтар спутниктин жардамы менен алынган. Буга чейин дүйнөнүн эң суук жери деп "Чыгыш" станциясы эсептелген. Бул жерде 1983-жылы 23-июлда 89,2 градустук суук катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0