Instagram сервисинде музыкалык функция пайда болду

© AP Photo / Karly Domb SadofУюлдук телефондондогу Instagram тиркемеси. Архив
Уюлдук телефондондогу Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул функция тиркемени жаңылаганда иштей баштайт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Instagram фотосервисинин колдонуучулары мындан ары Stories бөлүмүнө жүктөгөн постторун музыка менен коштой алат. Жаңы функция тууралуу социалдык тармактын расмий сайтында жарыяланды.

"Мындан ары кандай гана пост болбосун, ага өзүңүзгө жаккан музыканы саундтрек катары коюп койсоңуз болот", — деп айтылат билдирүүдө.

​Stories бөлүмүнө музыка киргизүү үчүн стикерлер кнопкасын бассаңыз, ар кайсы тематикадагы чыгармалар сунушталат. Алардын арасынан өзүңүзгө жакканын тандашыңыз керек. 

Сиз тандаган музыка сүрөттү же видеону ар бир көргөн сайын жаңырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0