Баладан качсаң, ит бак! Россияда алиментчилерге жазанын жаңы түрү табылды

© AP Photo / Tamas Soki / MTI Cобачья мойка в Венгерском городке Печ
Cобачья мойка в Венгерском городке Печ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ит баккандардын көбү өзгөрүп, жоопкерчилиги артканын байкалганын айтышкан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Иркутск облусунун соту алимент төлөбөгөндөрдү кароосуз калган иттерди баксын деген чечим чыгарды. Бул кара жумуштарды аткаруу менен барабар экендигин РИА Новости жазып чыкты.

Иркутскиде "качаанак аталар" эми иттер кармалган капасты жууп-тазалап, аларга тамак берип жана эшикке чыгарып сейилдетүү жумуштарын жасай башташты.

"Мунун жыйынтыгы жакшы болуп жатат. Ит баккандардын көбү өзгөрүп, жоопкерчилиги артканын байкоого болот", — деп айтып берген Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын аймактык өкүлү.

Трудности женщины воспитывающая троих близняшек одна в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Үч эмдин тагдыры. Бүдөмүк көргөн Асан, алимент төлөбөгөн ата
Ведомствонун маалыматына караганда, Иркутск облусунда алимент төлөбөгөндүгү үчүн 382 адам жоопко тартылган.

Кара жумушка кесилгендер жаныбарларды баккандан сырткары жол жана жашылдандыруу иштерин аткарат.

Кыргызстанда алимент төлөбөө маселесин да курч турат. Бир нече ай мурда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн аты-жөнүн интернетке жарыялоо сунушу киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0