БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Франциялык Седелла Роман кечки чуркоо учурунда капыстан Канада менен АКШнын чек арасын кесип өтүп кеткени үчүн абакка түшүп калды. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып чыкты.
Окуя Уайт Рок шаарына жакын жерде болгон. Чуркоо учурунда көлдүн толкундарын сүрөткө тартуу үчүн жолдун четине чыгып кеткен. Бул учурда аны эки америкалык чек арачы байкап калган. Аялдын жанында документтери болбогондуктан аны Такома шаарындагы (200 чакырым алыстыкта) тергөө абагына киргизип коюшкан.
Туристтин айтымында, ал машыгып жаткан жерде чек ара сызыгы тууралуу эч кандай белгиси болгон эмес.
"Алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүмдү айтып жатышты. Мен өз учурунда атайылап кылбаганымды түшүндүрүп жаттым. Анан мени унаага салып алып кетишти. Кийин кийимимди чечтирип тыкыр текшеришти", — деди турист аял.
Анын апасы Такомага документтерин алып келгенден эки жума өткөндөн кийин гана кое беришкен. Документтердин аныктыгын текшерүүгө миграция кызматы үчүн так ушунча убакыт талап кылынган.