54 жашында эне болгон модель. Сильвестр Сталлоненин мурунку жубайы көз жарды

© AP Photo / Frank AugsteinАктриса Бриджит Нильсен
Актриса Бриджит Нильсен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бриджит Нильсен буга чейин төрт уул төрөгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Даниялык фото-модель жана голливуд актеру Сильвестр Сталлоненин мурдагы аялы — Бриджит Нильсен 54 жашында кыз төрөдү. Бул тууралуу The Sun асылмасы жазып чыкты.

Ал Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде көз жарып, ымыркайга Фрида деген ысым берилди.

Нильсен ушуну менен бешинчи ирет апа болуп жатат. Буга чейин ал төрт уулду жарык дүйнөгө алып келген.

15-июлда Нильсен 54 жашка чыгат. Ал 2006-жылы италиялык продюсер Маттиа Дессиге турмушка чыккан. Фрида алардын биринчи ымыркайы. Десси учурда 39 жашта.

Нильсен моделдиктен тышкары "Рыжая Соня", "Кобра", "Рокки-4" жана "Полицейский из Беверли-Хиллз" аттуу тасмаларга тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0